Ошто күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык Загрузка... 15 Апрель 2025 00:56
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Бишкек, 15.04.25. /Кабар/. 14-апрелде саат 23:11де Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сейсмология институтунун маалыматына таянып билдирди.

Маалыматка ылайык, жердин силкинүүсү Ош шаарында 4 баллга, Ош облусунун Кара-Суу шаарында 3,5 баллга, Ноокат шаарында 3 баллга, Өзгөн шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Учурда жер жерлеринде жабыркагандар жана кыйроолор боюнча тактоо иштери жүргүзүлүүдө.