Ошто кальян үчүн мыйзамсыз тамеки продукциясы аныкталды

Экономика Загрузка... 04 Сентябрь 2025 17:13
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Мамлекеттик салык кызматы

Бишкек, 04.09.25. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Ош шаарында жүргүзгөн рейддик салык контролунун жүрүшүндө кальян үчүн мыйзамсыз тамеки продукцияларын аныкташты.

Ведомстводон маалымдашкандай, Абдыкадыров көчөсүндөгү соода түйүндөрүнүн бирин текшерүү учурунда 346 даана акциздик маркасы жок жана тиешелүү коштоочу документтери жок кальян үчүн тамеки буюмдары табылган. Алардын жалпы суммасы 197 миң 650 сомду түзөт.

Табылган продукция тартылып алынып, тиешелүү актылар түзүлдү. Бул факт боюнча материалдар юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.