Жол оңдоо иштери: Ошто Ишматов көчөсү 4 тилкелүү болот

Коом 149 20 Август 2026 09:30
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 20.08.26. /Кабар/. Ош шаарындагы Ишматов көчөсүндө капиталдык оңдоп-түзөө жана жол куруу иштери башталды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Долбоорго ылайык, узундугу 3,5 чакырым болгон жол 4 тилкеге кеңейтилип, туурасы 24 метрге чейин жеткирилет. Ошондой эле жолдун эки тарабына туурасы 2,5 метрден болгон тротуарлар курулуп, ирригациялык лотоктор орнотулат жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлөт.

Ишматов көчөсү К. Исаков жана Базаров көчөлөрүн байланыштырган маанилүү транспорттук каттамдардын бири. Бул жолдо жүк ташуучу унаалар көп каттагандыктан, анын учурдагы абалы тургундар үчүн көйгөй жаратып келген.

Жол жаңылангандан кийин транспорттук каттамдын сапатын жакшыртуу жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу күтүлүүдө.