Бишкек, 24.02.26. /Кабар/. Ош шаардык прокуратурасы ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча жыйын өткөрдү.
Жыйын прокурордун орун басары Заирбек Тойчубаевдин төрагалыгында өтүп, ага салыкчылар, ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдар жана жеке ишкерлер катышты.
Жыйында өлкө башчысынын "Ишкердик субъекттерге салык контролун жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө" жарлыгынын жана башкы прокурордун 2026-жылдын 13-февралындагы көрсөтмөсүнүн талаптарынын аткарылуусу боюнча маселе каралды.
Жыйындын жүрүшүндө салык органдарында катталган ишкердик субъекттерге мыйзамсыз текшерүүлөргө, салык органдары тарабынан жүргүзүлүүчү салык контролун жүргүзүүгө 2026-жылдын 31-декабрына чейин мораторий киргизилгендиги түшүндүрүлдү.
Ошондой эле бул багытта кандайдыр бузулган укуктар учураганда, прокуратура органдарына төмөнкү жолдор менен кайрылууга укуктуу экендиги эскертилди:
- 0773041616 ишеним телефону;
- "Бизнести коргоо" мобилдик тиркемеси (App Store жана Google Play'де жеткиликтүү);
- www.prokuror.kg расмий сайты.