Ошто ири агроөнөр жай комплекси курулуп, миңге жакын жумуш орду түзүлөт

Аймак Загрузка... 08 Июль 2026 10:10
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 08.07.26. /Кабар/. Ош шаарында айыл чарбасын жана кайра иштетүү тармагын өнүктүрүүгө багытталган ири агроөнөр жай комплекси курулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоор 71,35 гектар аянтка ишке ашырылып, аймак 18 лотко бөлүнөт.

Шаар мэри Жанарбек Акаевдин айтымында, комплекстин аймагында эт жана сүт багытындагы мал чарбалары, ошондой эле эт-сүт азыктарын кайра иштетүүчү ишканалар курулат. Мындан тышкары, жер тилкелери фермерлерге жана жеке ишкерлерге ижарага берилет.

Долбоор толук ишке киргенден кийин миңге жакын жумуш орду түзүлөт. Учурда комплексти куруу үчүн 1 миллиард сомдон ашык инвестиция тартуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Жаңы өндүрүштөрдү ишке киргизүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев таанышып чыкты.

Ошондой эле учурда Ош шаарынын мэриясы "Коңур-Жаз" тилкесинде көлөмү 20 миң куб метрди түзгөн суу сактагычты куруп жатат. Ал пайдаланууга берилгенден кийин агроөнөр жай комплексин жана ага чектеш 400 гектардай кайракы жерди сугат суу менен камсыздайт. Бул фермерлерге тоют даярдоону жеңилдетип, айыл чарба өндүрүшүнүн көлөмүн көбөйтүүгө шарт түзөт.