Ошто фермерлер малды жасалма уруктандыруу жана туура тоюттандырууну үйрөндү

Аймак Загрузка... 23 Февраль 2026 14:32
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 23.02.26. /Кабар/. Кыргыз мал чарба жана жайыттар илимий-изилдөө институту KOPIA борбору менен биргеликте Кара-Суу, Ноокат жана Кара-Кулжа райондорунда окуу семинарларын өткөрдү.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, семинарлар айыл чарба малдарын туура багуу, рационалдуу тоюттандыруу жана жасалма жол менен уруктандыруу багытында фермерлердин жана тармак адистеринин билимин тереңдетүүгө арналды.

Негизги максат — фермерлерге заманбап мал чарбачылык ыкмаларын жеткирүү аркылуу өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатуу, малдын сапатын жана продуктивдүүлүгүн арттыруу.

Окуу программасы теория менен гана чектелбестен, практикалык машыгуулар менен коштолду. 

Катышуучулар тоют рационун туура түзүүнүн илимий негиздерин, сапаттуу тоюттун малдын өсүшүнө жана сүт/эт өндүрүшүнө тийгизген таасирин, жасалма уруктандыруунун артыкчылыктарын жана генетикалык сапатты жакшыртуудагы ролун, айыл чарбасында заманбап биотехнологияларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн үйрөнүштү.

Адистердин айтымында, мындай окутуулар фермерлердин иш тажрыйбасын жаңылап, атаандаштыкка жөндөмдүү жана туруктуу айыл чарба өндүрүшүн калыптандырууга өбөлгө түзөт.