Ошто эт туурагычка колу кыпчылып калган жаран куткарылды

Коом Загрузка... 02 Сентябрь 2025 12:42
WhatsApp Image 2025-09-02 at 12.41.01.jpeg
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Бишкек, 02.09.25. /Кабар/. Ошто эт туурагычка колу кыпчылып калган жаран куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн Ош облустук ооруканасында 2006-жылы туулган Д.М. аттуу жаран эт туурагычка колун кыпчып алгандыгы тууралуу билдирүү ӨКМдин 112 кызматына түшкөн.

Кырсык болгон жерге Ош шаардык Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылып, атайын шаймандардын жардамы менен жабырлануучунун колун эт туурагычтан чыгарып, дарыгерлерге өткөрүп беришти.

Жабырлануучу учурда медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө.