Ошто эски мектептин ордуна 500 орундуу жаңы имарат курулат

Аймак 17 Март 2026 10:44
1.jpg
650835582_1272907708361457_6134316953709459730_n.jpg
652537068_1272908875028007_5195053875623753420_n.jpg
652655385_1272908638361364_7080580154578766680_n.jpg
652950360_1272908448361383_7642063015229926631_n.jpg
653043224_1272908535028041_4399223429780016890_n.jpg
653059569_1272908781694683_3488219289474482884_n.jpg
653407560_1272908521694709_5740493541818885016_n.jpg
653710048_1272908568361371_1146700123209315684_n.jpg
653721774_1272908755028019_2751877921943351157_n.jpg
653906011_1272908741694687_733098091243907511_n.jpg
653919486_1272908605028034_5412108159044011757_n.jpg
654025789_1272908358361392_9011886841970956225_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 17.03.26. /Кабар/. Ош шаарынын Кызыл-Байрак айылына 500 орундуу жаңы мектептин курулушу пландалууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Күн мурун мэр Жанарбек Акаев айылга барып, жаңы мектеп куруу өтүнүчү менен кайрылган жергиликтүү тургундар менен жолукту.

Мында М. Маматалиев атындагы №60 мектеп 200 окуучуга ылайыкталганына карабастан, учурда анда 400дөн ашуун окуучу билим алууда. Ушуга байланыштуу жергиликтүү тургундар жаңы мектеп куруу өтүнүчү менен кайрылышкан.

Жанарбек Акаев мектептин инфраструктурасы менен жеринде таанышып чыгып, тиешелүү кызматтарга 500 орундуу жаңы мектеп жана спорт зал куруу боюнча долбоорду жана керектүү документтерди даярдоо иштерин баштоо тапшырмасын берди.

Белгилей кетсек, бул аймак өткөн жылы административдик-аймактык реформанын алкагында Ош шаарынын курамына өткөн.