Ошто Эсептөө палатасынын бир айлык аудити башталды

Аймак 19 Ноябрь 2025 12:39
1.jpg
584533114_1182739680711594_3371309796135255488_n.jpg
584836050_1182739704044925_3657327087981500591_n.jpg
584887916_1182739907378238_1991700899657777439_n.jpg
584887918_1182739707378258_5290481271487882828_n.jpg
584887924_1182739880711574_3293880947882181364_n.jpg
585612260_1182739767378252_7036202127776183257_n.jpg
585886591_1182739654044930_4612698606961018989_n.jpg
585888936_1182739650711597_4767944078569843303_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 19.11.25. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарына Эсептөө палатасынан аудит тобу келди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Алар бир айда Ош шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 2024-жылдагы бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына, бюджеттик, атайын жана башка каражаттардын пайдаланышына, ошондой эле муниципалдык ишканалардын ишмердүүлүгүнө аудит жүргүзүшөт.

Ушуга байланыштуу Ош шаарынын мэринин орун басары Адилет Шаршеналы уулунун, Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусттары боюнча аймактык бөлүмүнүн жетекчиси Асылбек Жумабаевдин жана шаардагы муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда жыйын өттү.

Жыйында жооптуу жетекчилерге аудит жүргүзүп жаткан кызматкерлердин ишине тоскоолдук жаратпоо, коррупциялык көрүнүштөрдөн алыс болуу жана бардык аракеттерди мыйзам чегинде аткаруу боюнча эскертүүлөр берилди.