Бишкек, 22.10.26. /Кабар/. Ош шаарындагы Эне-Сай конушунда ноябрь айында дагы 90 үй-бүлөгө жаңы үйлөрдүн ачкычтары тапшырылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, конушта бузулган үйлөрдүн ордуна жарандарды турак жай менен камсыз кылуу максатында курулуш иштери жүрүп жатат.
Мэрдин орун басары Шумкарбек Пайзиев куруучулар менен жолугуп, иштердин жүрүшүн талкуулады. Ал кыш мезгили башталганга чейин курулуш иштерин тездетип, үйлөрдү белгиленген мөөнөттө бүткөрүүнү тапшырды. Ошондой эле жарандарды жаңы үйлөрүнө мүмкүн болушунча эртерээк жайгаштыруу зарылдыгын белгиледи.
Бүгүнкү күнгө чейин Эне-Сай конушунда 140 үй-бүлөгө турак жайлардын ачкычтары тапшырылган.