Бишкек, 24.10.25. /Кабар/. Күн мурун, 23-октябрь – илбирсти коргоонун Эл аралык күнүнө карата Ош шаарында “Биотүрдүүлүктү сактоо: Илбирс аркылуу жаратылышты коргоо концепциясы” аттуу иш-чара өттү.
NABU уюмунан билдиришкендей, иш-чаранын жүрүшүндө ак илбирсти жана анын жашоо чөйрөсүн коргоонун мааниси, ошондой эле жаратылышты сактоодогу эл аралык жана жарандык уюмдардын ролу тууралуу ой бөлүшүп, экологиялык системанын туруктуулугу боюнча пикир алмашышты. Ошондой эле Кыргызстандагы илбирстердин учурдагы абалы жана аларды коргоо боюнча иш-чаралар тууралуу маалымат берилди.
Катышуучулар илбирстерди сактоо боюнча жалпы талкуу жүргүзүп, бир катар сунуштары менен бөлүштү. Соңунда келген конокторго NABU Кыргызстан уюму тарабынан даярдалган экологиялык багытта чыгарылган таркатма материалдар берилди.
Белгилей кетсек, ак илбирс – Кыргызстандын улуттук символу. 2023-жылдын соңунда президент Садыр Жапаров бул жөнүндө атайын жарлыкка кол койгон.
Бул жапайы жаныбар Кыргызстандын жана Эл аралык жаратылышты коргоо союзунун Кызыл китебине киргизилген жана дүйнөнүн 12 өлкөсүндө сейрек же жоголуп бараткан жаныбар статусуна ээ.
Байыркы кыргыз элинин маданиятында ак илбирс айбаттуулуктун, айкөлдүктүн, эр жүрөктүүлүктүн, кайраттуулуктун жана чыдамкайлыктын көрүнүшү болгон. Ошондуктан уламыштарда айтылгандай, илбирс — улуу Манастын тотемдик жаныбары болуп эсептелет.