Көк-Жаңгакта 2 үй-бүлөгө жаңы турак жайдын ачкычтары тапшырылды

Аймак 14 Июль 2025 09:10
1.jpg
514269636_1202118361929063_5464433994354893688_n.jpg
514272336_1202118251929074_7450048081032144104_n.jpg
514359390_1202118675262365_3883505314770828502_n.jpg
517036361_1202122911928608_4586962935752291341_n.jpg
517297797_1202120271928872_2510543411016684294_n.jpg
517405903_1202122651928634_5639270678571124675_n.jpg
517420028_1202115231929376_701941178533980708_n.jpg
517998996_1202120771928822_5193319315513990092_n.jpg
518011885_1202123205261912_4829409788338691581_n.jpg
518254019_1202117715262461_1672903198474635289_n.jpg
518368347_1202120161928883_1259779353399672689_n.jpg
518413288_1202116811929218_6179581516763703570_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 14.07.25. /Кабар/. Көк-Жаңгак шаарында өрт кырсыгынан жабыркагандар президент Садыр Жапаров жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев тарабынан үйлүү болушту. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2 үй-бүлөгө бардык шарты менен заманбап турак жай курууга 10 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөн.

Күн мурун Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жергиликтүү тургундардын жана аксакалдардын катышуусунда үйдүн ачтыктарын тапшырды.

Буга чейин жабырлануучулар мамлекет башчы Садыр Жапаров жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге жардам сурап кайрылышкан. Өлкө жетекчилеринин тапшырмасы жана каржылоосу менен Ош шаарынын мэри маселени жеринен көрүп, жаңы үйдүн курулушу башталган.

Долбоордо бардык коопсуздук талаптары эске алынып, эки үйдүн чатыры эки башка болуп салынды. 6 сотых тилкедеги 2 турак жай бирдей типте курулуп, короосу көрктөндүрүлгөн.

Белгилей кетсек, көп балалуу 2 үй-бүлө буга чейин бир чатырдын астында жашашып, Советтер союзу учурунда курулган жыгач үйлөрдө күн кечиришкен. Мындан улам бир үйдөн чыккан тилсиз жоо экинчи үйдү заматта жалмап, 2024-жылдын 20-октябрында үйсүз калышкан болчу.