Бишкек, 27.06.25. /Кабар/. Ош шаарында Эдельвейс дачасынын жолуна асфальт төшөлүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Жолдун ачылышына шаар мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, депутаттар жана жергиликтүү жашоочулар, мекеме-ишкана жетекчилери катышты.
Эске салсак, жолдун узундугу бир чакырымды түзүп, абалы абдан начар болгон. Жайкысын чаң, кышкысын ылай болуп, айылдын негизги жолуна жеткенче жашоочулар кыйналып келишкен.