Базардагы жаңжал: Кылмыш иши козголуп, шектүүлөр кармалды

Укук тартиби 06 Июль 2026 15:00
740333980_1344872797786947_7821109258432283539_n.jpg
737518503_815788838169019_3698110692828583093_n.jpg
739276776_2562591427512010_5702693126075977604_n.jpg
740788152_1586041666467932_3356137921760926054_n.jpg
Алдыга
Артка
740333980_1344872797786947_7821109258432283539_n.jpg
737518503_815788838169019_3698110692828583093_n.jpg
739276776_2562591427512010_5702693126075977604_n.jpg
740788152_1586041666467932_3356137921760926054_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Ош ШИИБ

Бишкек, 06.07.26. /Кабар/. Ош шаарындагы базарлардын биринде соодагерлердин ортосунда орун алган жаңжал боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Буга чейин социалдык тармактарда базарда соода кылган жарандардын ортосунда пикир келишпестик жаралып, бир кишиге карата күч колдонулуп, сабалганы тартылган видео тарап, коомчулукта талкуу жараткан.

Аталган факты боюнча милиция тарабынан "Бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголду. Тергөөнүн жүрүшүндө окуяга тиешеси бар деп шектелген төрт жаран кармалып, аларга айып угузулду.

Шектүүлөрдүн ичинен үч эркек жаран Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал эми дагы бир аял жарандын жашы жете элек балдары бар экендиги эске алынып, сот тарабынан үй камагына бошотулду.

Белгиленгендей, учурда кылмыш ишинин алкагында окуянын бардык жагдайларын толук, ар тараптуу жана объективдүү аныктоого багытталган тергөө амалдары улантылууда.