Бишкек, 17.02.25. /Кабар/. Ош облусунда диний чөйрөдөгү мыйзамдар боюнча түшүндүрүү иштери уюштурулууда.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан билдиришкендей, анда 2025-жылдын 1-февралынан тартып күчүнө кирген диний чөйрөдөгү айрым мыйзам актыларына киргизилген өзгөртүүлөр жана жаңы кабыл алынган “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамы тууралуу маалыматтар берилип жатат.
Түшүндүрүү иш-чараларына диний уюмдардын өкүлдөрү, мамлекеттик кызматкерлер, укук коргоо органдарында иштегендер жана студенттер катышууда.