Ошто дарыканадан 270 миң сомдук мыйзамсыз дары-дармектер табылды

Аймак 11 Март 2026 14:40
650374890_1216574567314515_6825809973988789412_n.jpg
650390527_1216574553981183_3202855049447537015_n (1).jpg
Алдыга
Артка
650374890_1216574567314515_6825809973988789412_n.jpg
650390527_1216574553981183_3202855049447537015_n (1).jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 11.03.26 /Кабар/. Ош шаарындагы дарыканалардын биринен мыйзамсыз дары-дармектер аныкталды.

Мамлекеттик салык кызматынан маалымдашкандай, текшерүүнүн жүрүшүндө "Аптека Кейджи" ЖЧКсына таандык дарыканадан Саламаттык сактоо министрлигинин Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинде каттоодон өтпөгөн жана өлкө аймагына мыйзамсыз жол менен кирген дары-дармектер табылды.

Мыйзамсыз дарылардын жалпы суммасы 269 миң 989 сомду түздү.

Ошондой эле дарыларды сактоо жана сатуу боюнча уруксат берүүчү документтери жок иш алып барганы ачыкка чыгарылды. Мындан тышкары, салык мыйзамдарын бузган башка фактылар да аныкталды.

Тактап айтканда, товарларды сатуу электрондук эсеп-фактуралар аркылуу түшкөн каражаттарды көрсөтпөстөн жүргүзүлгөн, айрым жумушчу кызматкерлер боюнча салыктык отчеттор тапшырылган эмес, контролдук-кассалык машина техникалык жактан жараксыз абалда колдонулган.

Салык кызматынын кызматкерлери жеринде тиешелүү актыларды түзүштү. Топтолгон материалдардын негизинде тиешелүү чаралар көрүлөт.

650390527_1216574553981183_3202855049447537015_n (1).jpg