Ошто дагы бир узун көчө кеңейтилип, асфальттоого даярдалып жатат

Аймак Загрузка... 17 Июль 2026 10:30
713804561_3859436317532872_3268585249452544061_n.jpg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 17.07.26 /Кабар/. Ошто дагы бир жалпы узундугу 2,7 чакырымды түзгөн көчө жасалууда. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда Төлөнов, Атабаев жана Калмырзаев көчөлөрүндө, ошондой эле Сүйүнбаев көчөсүнүн кесилишинен баштап Ишматов көчөсүнө чейин жолду кеңейтүү жана асфальтка даярдоо иштери жүрүп жатат.

Эске салсак, бул көчөлөрдүн абалын жергиликтүү тургундар мэр менен жолугушууда айтып, оңдоп-түзөөнү суранышкан.