Ошто дагы бир үч эмдин ата-энесине 3 бөлмөлүү батир берилди

Аймак Загрузка... 25 Июнь 2025 11:25
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 25.06.25. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев дагы бир үч эмдин ата-энесине батир белекке берди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, балдардын атасы Мырзабек Тороев Ош шаарындагы Ак-Буура милиция бөлүмчөсүндө эмгектенет.

Мэрдин буга чейин дагы үч эмге батир бергендигин угуп кайрылышкан. Анын негизинде тилеги орундалып, бүгүн 3 бөлмөлүү батирдин ачкычы тапшырылды.

Учурда үй-бүлөнүн бир кыз, үч уулу бар. Аларга Амантай, Эсентай, Эртай аттуу ысым ыйгарышкан, балдар 1 жаш 2 айлык.