Бишкек, 27.04.26. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарында Чернобыль апаатынын кесепетинен каза болгондордун жаркын элесине арналган эскерүү иш-чарасы өттү.
Муниципалитеттен билдиришкендей, анын алкагында эстеликтерге гүл коюлуп, курман болгондордун элесине таазим этилди.
Митинг-реквиемге Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова баштаган мэриянын өкүлдөрү, Чернобыль окуясынын катышуучулары жана алардын туугандары катышты.
Жыйында катышуучулар кырсыктын кесепеттерин жоюуда жан аябастык көрсөткөн жарандардын эрдигин эскерип, алардын элесин урматтоо - ар бир жарандын милдети экенин белгилешти.
Эскерте кетсек, 1986-жылдын 26-апрелинде Украинанын аймагындагы Чернобыль атомдук электр станциясында ири техногендик кырсык болгон. Андыктан жыл сайын ушул күнү Ош шаарында бул апааттын курмандыктары эскерилет. Кырсыкка быйыл 40 жыл болду.