Ошто эски базардын орду жашыл аймакка айланат

Аймак Загрузка... 23 Март 2026 09:24
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 23.03.26. /Кабар/. Ошто бузулган базарларды тазалоо иштери башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эми анын ордуна жашыл аймак пайда болот. Күн мурун мэр Жанарбек Акаев Ак-Буура дарыясынын жээгинде жайгашкан эски Ош базарындагы калдыктарды тазалоо иштеринин жүрүшүн жеринен көрүп чыкты.

Анда калаа башчысы аталган аймакты туристтерди тартуучу байыркы тарыхый жайга айландыруу пландалып жатканын белгилеп, ошондой эле Ак-Буура дарыясынын жээгине жашыл аймак, жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар жана веложол куруларын айткан.