Ошто бир учурда 3 көчө оңдоп-түзөөдөн кийин пайдаланууга берилди

Аймак 20 Ноябрь 2025 10:00
584784155_1182958744023021_1549706978679968610_n.jpg
584326818_1182959350689627_2501127989763865204_n.jpg
584593737_1182958967356332_8637000426761495560_n.jpg
585007257_1182943374024558_4993533397576248094_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 20.11.25. /Кабар/. Ош шаарынын Моминова, Момунов, Номуна көчөлөрү капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин ачылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бири-бири менен туташкан бул көчөлөр буга чейин кароосуз абалда болчу.

Таштак жол бир тилкелүү болуп, унаалар гана эмес жөө жүргүнчүлөргө да кыйынчылык жаратып келген.

Мэр Жеңишбек Токторбаев рейд учурунда аталган көчөлөргө бир нече жолу барып, капиталдык ремонттон өткөрүүнү тапшырган. Жолду кеңейтүү иштеринин алкагында жалпы 10дон ашык турай-жай бузулган.

Бүгүн пайдаланууга берилген көчөлөр 6 метрден 13 метрге кеңейтилип, 2 тилкелүү жол 4 тилкелүү болуп өзгөрдү. Ага кошумча тротуар жана ирригациялык арыктар да кошо курулду. Жумуш жергиликтүү бюджеттин эсебинен жасалып, жергиликтүү жашоочуларга ыңгайлуулук түзүлдү.