Бишкек, 10.08.26. /Кабар/. Ош шаарындагы К.Баялинов көчөсүнүн курулушу аяктап, пайдаланууга берилди.
Муниципалитеттен билдиришкендей, көчөнүн курулуш иштери бир ай мурда башталган.
Долбоордун алкагында жолдун эки тарабына тротуарлар, жашыл аймактар жана ирригациялык тармактар курулуп, автоунаалар үчүн токтотуучу жайлар каралган.
Көчөнүн ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык кеңештин төрагасы Болотбек Баетов жана жергиликтүү тургундар катышты.
Белгилей кетсек, К. Баялинов көчөсүндө мейманкана, банк жана мамлекеттик маанидеги бир катар объектилер жайгашкан.