Ошто Барпы Алыкулов мектебине 1200 орундуу кошумча корпус курулууда

Аймак 12 Май 2026 17:30
696064705_1484258876506490_8465335393229910679_n (1).jpg
696295901_1484259023173142_84842571241662782_n.jpg
695900767_1484258969839814_1311510939223216264_n.jpg
696041256_1484258913173153_4270263720612033171_n.jpg
696339079_1484258886506489_7360949781665341743_n.jpg
699331030_1484258989839812_7165813203210539170_n.jpg
698919650_1484258999839811_7817388013954145647_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 12.05.26. /Кабар/. Ош шаарындагы Барпы Алыкулов мектебине 1200 орундуу кошумча корпус курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирет.

Долбоор мамлекеттик казынанын эсебинен ишке ашырылып, аймактагы мектеп тартыштыгын жоюуга багытталган.

Башкы план боюнча жалпы аянты 13 миң 610 чарчы метрди түзгөн, 4 кабаттуу, 5 блоктон турган мектеп салынат. Анда заманбап окуу класстары, лаборатория, китепкана, ашкана, жыйындар залы, эмгек жана компьютердик класстар, ошондой эле бардык шарттары каралган спорт зал болот.

Учурда курулуш иштери тынымсыз жүргүзүлүп, объектте эки нөөмөт менен 87 жумушчу эмгектенүүдө.

Белгилей кетсек, учурдагы мектеп 1987-жылы курулган. Бүгүнкү күндө анда 2000ге жакын окуучу билим алууда.