Ошто балдар клиникалык ооруканасына заманбап санариптик рентген аппараты орнотулду

Ден соолук 10 Март 2025 17:45
483365806_668251938935511_952716072131706411_n.jpg
482249099_668251968935508_1871626564846694998_n.jpg
482251508_668251865602185_4007146476393345851_n.jpg
482256703_668251915602180_7148288373477717965_n.jpg
482271199_668251992268839_603485323490058640_n.jpg
484191942_668251825602189_7115584104747507110_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 10.03.25. /Кабар/. Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасында жаңы заманбап санариптик рентген аппараты ишке киргизилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Медициналык жабдуу Саламаттык сактоо министрлигинин колдоосу жана Бүткүл дүйнөлүк банктын "Баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жакшыртууну кошумча каржылоо программасы" долбоорунун алкагында каржыланды.

Буга чейин ооруканада бир эле рентген кабинети иштеп, кабыл алуу бөлүмүндө кезек көп болуп, оор абалдагы бейтаптарды ташууда ыңгайсыздыктар жаралган. Бул көйгөйдү чечүү максатында кеңеш берүү жана дарт аныктоо бөлүмүндө кошумча коридор курулуп, амбулатордук бейтаптар үчүн атайын жаңы бөлмө даярдалды.

Оорукананын директору Жыргалбек Жороев бул жаңы жабдуу жаш балдардын ден соолугун коргоо жана медициналык тейлөөнү жакшыртуу максатында жасалганын белгиледи.

"Дени сак коомду түзүү – жаш балдарга шарт түзүү жана камкордук көрүү. Анткени алар – улуттун келечеги", – деди ал.