Ошто балдар үйүнүн тарбиялануучулары үчүн турак жай курулууда

Аймак 13 Январь 2026 20:46
FB_IMG_1768315545760.jpg
FB_IMG_1768315547675.jpg
FB_IMG_1768315549729.jpg
FB_IMG_1768315552033.jpg
FB_IMG_1768315553948.jpg
FB_IMG_1768315556108.jpg
FB_IMG_1768315557630.jpg
FB_IMG_1768315559489.jpg
FB_IMG_1768315562871.jpg
Алдыга
Артка
FB_IMG_1768315545760.jpg
FB_IMG_1768315547675.jpg
FB_IMG_1768315549729.jpg
FB_IMG_1768315552033.jpg
FB_IMG_1768315553948.jpg
FB_IMG_1768315556108.jpg
FB_IMG_1768315557630.jpg
FB_IMG_1768315559489.jpg
FB_IMG_1768315562871.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 14.01.26. /Кабар/. Ош шаарындагы “Лотос” жана “Алтын уя” балдар үйүнөн тарбияланып чыккан балдарды турак жай менен камсыз кылуу максатында 28 батирден турган көп кабаттуу турак жай курулуп жатат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, шаар башчысы курулуштун жүрүшүн жеринен көрүп чыгып, балдарга жагымдуу жана коопсуз шарт түзүү керектигин билдирди.

Турак үйлөр аталган боорукердик үйлөрүнөн тарбияланып чыккан балдарга 10 жылдык мөөнөткө акысыз берилет. Алдыда шаар башчысы тарабынан балдардын келечегине кам көрүү, аларды турак жай менен камсыз кылуу жана социалдык жактан колдоо көрсөтүү багытындагы иштер улантыла бермекчи. Курулуш иштери жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланууда.

2025-жылы “Лотос” жана “Алтын уя” балдар үйүнөн жалпы 15 бала тарбияланып чыккан. Алардын туруктуу жашай турган үйлөрү жок болгондуктан, шаар бийлиги тарабынан атайын чечим кабыл алынган.

Белгилей кетсек, ушул жылы балдар үйүнөн дагы 9 бала тарбияланып чыгуу алдында турат. Анын ичинен “Лотос”боорукердик үйүнөн 5 бала, “Алтын уя” балдар үйүнөн 4 бала бүтүрөт. Жакынкы айларда көп кабаттуу турак жайдын курулушу толук аяктап, пайдаланууга берүү мерчемделүүдө.