Ошто байыркы битик жазуусун үйрөткөн мастер-класс өтөт

Аймак
Ошто байыркы битик жазуусун үйрөткөн мастер-класс өтөт

Бишкек, 11.11.26. /Кабар/. 13-ноябрда Ош шаарындагы Т. Садыков атындагы облустук көркөм сүрөт музейинде байыркы битик жазуусуна арналган чыгармачылык мастер-класс өтөт.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына ылайык, иш-чара Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө карата уюштурулуп, анда катышуучулар байыркы жазуу маданияты менен таанышып, Битик жазуусунун тамгаларын жазууну үйрөнүшөт.

Мастер-класстын практикалык бөлүгүндө катышуучулар үйрөнгөн тамгаларын шоперге түшүрүп, өз колдору менен өзгөчө буюм жасашат.

Иш-чара сүрөтчү Келдибек Сапарбаевдин жетекчилигинде өтүп, ага 8 жаштан жогорку бардык каалоочулар катыша алышат. Башталышы саат 15:00.