Бишкек, 11.11.26. /Кабар/. Ош шаарында өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген жаштарды бириктирген "Кыялымдагы Кыргызстан – Ош – 2026" үч күндүк форуму жыйынтыкталды.
Мэриянын маалыматына ылайык, форумдун алкагында спорттук мелдештер, ыктыярчылардын жыйыны, интеллектуалдык оюндар, жаш ишкерлердин бизнес-форуму, жаш мугалимдердин жана 100 лидердин жолугушуулары, ошондой эле TECHNOFEST ойлоп табуучулар фестивалы уюштурулду.
10-ноябрда Ош шаарынын борбордук аянтында форумдун негизги бөлүгү жана жабылыш аземи өттү.
Ага шаар мэри Жанарбек Акаев, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков жана башка өкүлдөр катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө жаштар саясатын өнүктүрүүгө жана коомдук иштерге активдүү салым кошкон бир катар жаштар мэриянын ыраазычылык каттары жана акчалай сыйлыктары менен сыйланды. Форум концерттик программа менен жыйынтыкталды.