Ошто "Ала-Тоо" породасындагы кыргыз койлорунун эл аралык көргөзмөсү өттү

Аймак Загрузка... 08 Сентябрь 2025 11:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www

Бишкек, 08.09.25. /Кабар/. Кечээ, 7-сентябрда Ош облусунда “Ала-Тоо” жаңы породасындагы кыргыз койлорунун эл аралык көргөзмөсү болуп өттү.

Иш-чарага президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлигинин өкүлдөрү, Кара-Суу районунун акими, ошондой эле Казакстан, Өзбекстан, Азербайжандан келген коноктор жана Кыргызстандын жети облусунан келген фермерлер катышты.

Көргөзмөдө «Ала-Тоо» породасындагы койлордун мелдеши өтүп, анын мыктылары баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.

Белгилей кетсек, түштүк аймакта өстүрүлгөн эт-май багытындагы «Ала-Тоо» породасы кыргыз койлорун гисар кочкорлору менен аргындаштыруудан алынган.