Ошто "Ала-Тоо" породасындагы койлордун эл аралык көргөзмөсү өтөт

Коом 3 сентябрь 2025 14:00
Ошто "Ала-Тоо" породасындагы койлордун эл аралык көргөзмөсү өтөт

Бишкек, 03.09.25. /Кабар/. Ош облусунда "Ала-Тоо" породасындагы койлордун эл аралык көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, эл аралык кой көргөзмөсү Төлөйкөн ат майданында 7-сентябрда уюштурулат.

"Ала-Тоо" породасын өстүрүү ассоциациясы менен биргеликте өткөрүлүп жаткан көргөзмө “Ала-Тоо” породасын эл арасына жайылтуу жана экономикалык жактан пайдалуу мал чарбачылыкты өнүктүрүү максатын көздөйт.

Көргөзмөгө Азербайжан, Өзбекстан жана Казакстандан келген өкүлдөр катышат. Ошондой эле "Ала-Тоо" породасындагы койлорду баккан бардык фермерлер катыша алышат.

Иш-чаранын жалпы байгеси 3 млн сом.