Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги объекттердин мыйзамдуулугу текшерилет

Аймак Загрузка... 26 Сентябрь 2025 09:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 26.09.25. /Кабар/. Бүгүн, 26-сентябрда Ош шаарында Ак-Буура дарыясынын суу корук аймагында жайгашкан объекттерди текшерүү боюнча рейд өттү.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, рейддик кыдыруу шаардын борбордук бөлүгүндөгү жайма базардан башталды. Анда Ак-Буура дарыясынын суу корук аймагына кирип кеткен объекттерди тазалоо тапшырмасы берилди.

Рейддин жыйынтыгында «Ак-Буура» эс алуу жайынын суу корук аймагын аныктоо, «Ош-Сүт» ишканасы жайгашкан жердин мыйзамдуулугун тактоо, «Элит Парк» көп кабаттуу үйүнүн курулушун токтотуп, документтерин текшерүү, Кум-шагыл заводу (АБЗ)нун ишин шаардын сыртына чыгаруу, Тоок базар, мал союлуучу жай, жыгач жана темир базарларга эскертүү берүү.