Бишкек, 28.05.26. /Кабар/. Бүгүн Чек арачылардын кесиптик күнүнө карата "Ак-Буура" чек ара заставасынын жаңыланган имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, жаңы имарат аскер кызматкерлеринин кызмат өтөөсүнө жана жашоо шарттарына ылайык заманбап талаптардын негизинде курулган.
Ачылыш аземине президенттин облустагы өкүлүнүн биринчи орун басары Мирлан Орозбаев, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Абдикарим Алимбаев, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
Мирлан Орозбаев чек ара кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, өлкөнүн коопсуздугун камсыздоодогу чек арачылардын кызматы өзгөчө мааниге ээ экендигин белгиледи. Ошондой эле мамлекет тарабынан чек ара инфраструктурасын жакшыртууга өзгөчө көңүл бурулуп жатканын айтты.