Бишкек, 26.02.26. /Кабар/. 5-6-мартта Ош шаарынын борбордук аянтында "Агроэкспо-2026" эл аралык көргөзмө-жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Иш-чаранын алкагында катышуучулар айыл чарба тармагындагы акыркы инновациялар жана климаттын өзгөрүүсүнө ылайыкташкан заманбап технологиялар менен тааныша алышат.
Көргөзмөнүн программасында:
- айыл чарба техникаларынын жана жаңы технологиялардын демонстрациясы;
- сапаттуу үрөндөрдүн жана көчөттөрдүн көргөзмөсү;
- көчөт тандоо жана отургузуу боюнча мастер-класстар;
- тамчылатып сугаруу системалары, санарип суу платформалары жана «жашыл» энергия булактары;
- айыл чарбасын каржылоо жана лизинг мүмкүнчүлүктөрү боюнча маалыматтар.
Мындан тышкары, келген коноктор үчүн адистердин кеңештери, баалуу белектер ойнотулуучу лотереялар жана шоу-программа уюштурулат.
"Агроэкспо-2026" көргөзмөсү агробизнес өкүлдөрү, фермерлер жана тармактык адистер үчүн тажрыйба алмашууга, жаңы өнөктөштөрдү табууга жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган ири аянтча болуп саналат.