Бишкек, 26.06.25. /Кабар/. Ош шаары жана Ош облусу боюнча агрардык сектордогу кызматкерлердин укуктук билимин жогорулатуу максатында маалыматтык-укуктук окутуу иш-чарасы өттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлгинен кабарлашты.
Иш-чарага Ош облусундагы Агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын адистери катышып, жер жана суу мыйзамдарынын талаптары, алардын аткарылышы жана колдонуу тартиби боюнча кеңири маалымат алышты.
Окутуунун жүрүшүндө катышуучулар жерди жана сууну пайдаланууда мыйзамдуулуктун сакталышы боюнча иш жүзүндө кездешип жаткан талаштуу маселелерди көтөрүшүп, аларга Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын адистери тарабынан так жана укуктук жактан негизделген жооптор берилди.
Белгиленгендей, мындай окутуулар кызматкерлерге мыйзамдуу аракеттерди так билүүгө жана мамлекеттик ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга көмөк көрсөтөт.