Ошто Афганистандагы согушта каза болгон жоокерлер эскерилди

Аймак Загрузка... 15 Февраль 2025 13:23
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 15.02.25. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарында Афганистандан Советтик жоокерлердин чыгарылышынын 36 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасы өттү.

Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү, КР Куралдуу күчтөрүнүн түштүк-батыш оперативдик командачылыгынын башчысынын биринчи орун басары Алмазбек Кулмурзаев, шаардык кеңештин депутаты Ниязбек Нурбаев, Оштогу Орус үйүнүн башчысы Евгений Авраам, Ооган согушунун, аскер бөлүктөрүнүн жоокерлери, курман болгон жоокерлердин үй-бүлөлөрү катышышты.

Иш-чара эстеликке гүл чамбарларды коюу менен башталып, Ооган согушунда баатырларча курман болгон жоокерлердин элесине куран окулду.

Нурбек Кадыров, бул күн тарых барактарында ооган согушуна катышкан ар бир жоокердин эрдигин эскерүү маанилүү экенин, алар тынчтык орнотууда өз милдеттерин абийирдүүлүк менен аткарышканын баса белгиледи.

Белгилей кетсек, Афганистанда аскердик операциялар 1979-жылдан 1989-жылга чейин – дээрлик он жылга созулган. Ош шаарынан жалпы 751 адам катышып, алардын ичинен 19у шейит болгон. Учурда Ош шаарында Ооган согушунун 424 ардагери жашайт.