Бишкек, 01.06.26. /Кабар/. Ош шаарындагы Суранчы Жетимишов көчөсүн Раззаков көчөсүнөн Ош көчөсүнө чейин оңдоо иштери башталды.
Муниципалитеттен билдиришкендей, оңдоло турган жолдун эки тарабында тротуар, жашылдандыруу, ирригациялык лотоктор каралган.
Жумуш ыргагынан мэр Жанарбек Акаев кабар алып, ишти тездетүүнү жана сапаттуу бүтүрүүнү тапшырды. Бул жол бүтсө "Ош" эл аралык аэропортуна жүргүнчүлөр тыгынсыз, оңой барып каларын жана шаардагы унаа тыгыны азая турганын айтты.
Эске салсак, бул көчө буга чейин унаа үчүн өтө тар болуп, четинде тротуар каралган эмес.