Ошто 96 батирлүү ипотекалык турак үй пайдаланууга берилди

Аймак 17 Июль 2025 09:55
518318841_1079606984358198_7401288039402571206_n.jpg
518322257_1079605324358364_6029083125787583987_n.jpg
518323328_1079607811024782_8452451453518857727_n.jpg
518382048_1079607307691499_6509042205806875083_n.jpg
517048809_1079607911024772_7452334287473601311_n.jpg
518279956_1079606054358291_1067186139808834669_n.jpg
518315442_1079605537691676_1473426403396766877_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 17.07.25. /Кабар/. Ош шаарынын мэриясынын ипотекалык программасынын алкагында курулган 9 кабаттан турган 96 батирлүү көп кабаттуу турак үй пайдаланууга берилди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, турак үй Краснофлот көчөсүнүн №5 дарегинде жайгашкан.

Ага Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов, мекеме-ишкана жетекчилери жана жаңы конуштан үй алышкан жашоочулар катышты.

Алгач Щепкин атындагы жогорку театралдык окуу жайын бүтүргөн жаш актерлордун аткаруусунда "50 жыл мурун болгон окуя" театралдык сахналык көрүнүшү тартууланды. Андан соң Кыргыз Республикасынын эл артисттери Мамбетова Назира Исмаиловна жана Жамила Сыдыкбаева сөз алышып, театралдык окуу жайынын 22 жаш бүтүрүүчүсүнө батир берүү 50 жылдан кийин кайталанып жатканын айтып, мэрге ыраазычылык билдиришти.

Андан соң шаар мэри Жеңишбек Токторбаев турак жайдын ээлерин куттуктап, калаа тургундарын үй менен камсыздоо мэриянын негизги багыттарынын бири экендигин билдирди.

Расмий бөлүктөн соң калаа башчысы жана шаардык кеңеш төрагасы жаңы үйдүн ачкычтарын ээлерине тапшырышты. Мында алгач Щепкин атындагы жогорку театралдык окуу жайынын 22 бүтүрүүчүсүнө, үч эм төрөгөн үй бүлөлөргө жана турак жайы шаардагы курулуш иштери үчүн алынган үй ээлерине берилди. Кызыл тасмасы кесилип, жашоого даяр шарттары менен берилген батирлерди көрүп, таанышып чыгышты.