Ошто 900 окуучу катышкан спорттук мелдеш өттү

Аймак 25 Апрель 2026 09:47
1.jpg
678931270_1304061588579402_3536070689137047959_n.jpg
678980104_1304061491912745_6542050337328423900_n.jpg
679119300_1304061598579401_1931676089250277238_n.jpg
679519753_1304061438579417_816122431360328135_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Ош шаардык мэриясы

Бишкек, 25.04.26. /Кабар/. Ош шаарында мектеп окуучулары арасында “Дени сак окуучу” аталышындагы спорттук иш-чара өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, борбордук стадиондо уюштурулган мелдешке шаардагы 57 мектептен жалпы 900гө жакын окуучу катышып, ар кыл спорттук мелдештерде күч сынашты.

Иш-чаранын негизги максаты – жаш муунду сергек жашоого үндөө, спортко болгон кызыгуусун арттыруу жана окуучулардын ден соолугун чыңдоо болуп саналат. Катышуучулар командалык жана жекече таймаштарда өз өнөрлөрүн көрсөтүп, активдүү катышуу менен өз ара ынтымакты жана достукту бекемдешти.

Мелдештин жыйынтыгында мыкты көрсөткүчкө жетишкен командалар жана окуучулар аныкталып, шаардык мэрия тарабынан сыйлыктар жана дипломдор менен сыйланышты.