Бишкек, 24.04.26. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Oxford International School мектебинин негиздөөчүсү Мухаммад Шафик Абд Ут Тавваб, окуу директору Мухаммед Буржу жана мектептин башкы менеджери Динара Каримова менен жолукту.
Муниципалитеттен билдиришкендей, жолугушууда Ошто аталган билим берүү мекемесинин жаңы филиалын куруу маселеси каралды.
Жаңы мектеп 5 кабаттуу болуп, 850 окуучуга ылайыкталат.
Белгилей кетсек, аталган мектеп окуучуларды эл аралык деңгээлдеги программалар — Cambridge IGCSE жана International Baccalaureate Diploma Programme программалары аркылуу окутат. Бул программалар бүтүрүүчүлөргө дүйнөнүн 140 окуу жайына экзаменсиз окууга тапшырууга кеңири мүмкүнчүлүк ачат.
Мэр Жанарбек Акаев белгилегендей, мындай эл аралык билим берүү мекемелеринин ачылышы шаардагы атаандаштыкты күчөтүп, билим сапатын жаңы деңгээлге көтөрөт. Ошондой эле бул долбоор мектеп жетишсиздигин азайтууга олуттуу салым кошот.
Жолугушуунун соңунда тараптар ортосунда кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлду.