Ошто 815 батирлүү жаңы турак үйдүн курулушу башталды

Коом 372 19 Июль 2026 10:00
IMG_3742.jpeg
IMG_3741.jpeg
IMG_3740.jpeg
IMG_3743.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_3742.jpeg
IMG_3741.jpeg
IMG_3740.jpeg
IMG_3743.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 19.07.26. /Кабар/. Ош шаарында 6 кабаттуу, 19 блоктон турган жаңы көп батирлүү үлүштүк турак үйүнүн курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалымдалгандай, долбоорду Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасы ишке ашырууда. Жаңы турак үйдө жалпы 815 батир болот. Анын ичинде 1 бөлмөлүү – 246, 2 бөлмөлүү – 494, 3 бөлмөлүү – 75 батир каралган.

“Үйдүн биринчи кабатында коммерциялык жайлар, ошондой эле балдар бакчасы жана унаа токтотуучу жай курулат. Бул долбоор шаар тургундарынын турак жай маселесин чечүүгө жана Ошто ипотекалык курулушту өнүктүрүүгө багытталган”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, салтанаттуу иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Ниязбек Нурбаев, шаардык депутаттар жана жергиликтүү тургундар катышкан.