Ошто 8 балалуу энеге үй берилди

Аймак 29 Декабрь 2025 09:05
FB_IMG_1766969782108.jpg
FB_IMG_1766969755152.jpg
FB_IMG_1766969760218.jpg
FB_IMG_1766969763805.jpg
FB_IMG_1766969808325.jpg
FB_IMG_1766969811768.jpg
FB_IMG_1766969797421.jpg
FB_IMG_1766969794335.jpg
FB_IMG_1766969823560.jpg
FB_IMG_1766969837525.jpg
FB_IMG_1766969857787.jpg
Алдыга
Артка
FB_IMG_1766969782108.jpg
FB_IMG_1766969755152.jpg
FB_IMG_1766969760218.jpg
FB_IMG_1766969763805.jpg
FB_IMG_1766969808325.jpg
FB_IMG_1766969811768.jpg
FB_IMG_1766969797421.jpg
FB_IMG_1766969794335.jpg
FB_IMG_1766969823560.jpg
FB_IMG_1766969837525.jpg
FB_IMG_1766969857787.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 29.12.25. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев көп жылдан бери мектепте пол жууп иштеген 8 баланын энеси Роза Абдыкаровага жаңы жылдык белек катары үй тапшырды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, калаа башчысы буга чейин аталган билим берүү мекемесиндеги оңдоп-түзөө иштеринен кабар алуу учурунда көп балалуу эненин абалы менен таанышып, ага жардам берерин убадалаган.

Шаар мэри айткан убадасын бүгүн иш жүзүндө аткарып, үйдүн ачкычын тапшырды. Турак жай толук оңдоп-түзөөдөн өтүп, жашоого бардык шарттары бар. Жеңишбек Токторбаев мындан тышкары, үй тиричилигине керектүү эмеректер менен муздаткыч, газ плитасы, аристон жана сыналгы менен камсыздады.

Белгилей кетсек, 8 баланын энеси үй-бүлөсү менен буга чейин батирлеп жашап жүргөн.