Бишкек, 06.02.26. /Кабар/. Улуттук банк мыйзамдардын жана ченемдик-укуктук актылардын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Оштогу 7 акча алмаштыруучу жайдын лицензиясын токтотту.
Финансылык жөнгө салуучу органдан маалымдашкандай, тиешелүү чечим 3–4-февралда кабыл алынган.
Лицензиясы токтотулган акча алмаштыруучу бюролор төмөнкүлөр:
- Кара-Суу району, Жаңы-Турмуш айылы (болжол менен “Достук-Автожол” көзөмөл өткөрүү пункту) дарегинде жайгашкан “Форекс Голд” ЖЧКсы;
- Ош шаары, Алымбек Датка көчөсү, 940/1 дарегиндеги “Азиза ЛТД” ЖЧКсы;
- Ош шаары, Алымбек Датка көчөсү, 940а дарегинде жайгашкан “Осман” ЖЧКсы;
- Ош шаары, Курманжан Датка көчөсү, 643 дарегиндеги “Ойша Финанс” ЖЧКсы;
- Ош шаары, Алымбек Датка көчөсү, 940/1 дарегинде жайгашкан “Али Умар” алмашуу бюросу ЖЧКсы;
- Кара-Суу району, Андижан айылы, Курманжан Датка көчөсү (н/ж) дарегиндеги “М Юсуф” алмашуу бюросу ЖЧКсы;
- Кара-Суу району, Жаңы-Турмуш айылында жайгашкан “Аманат Береке” алмашуу бюросу ЖЧКсы.