Ошто 400 орундуу онкологиялык оорукана курулат

Аймак
IMG_9254.webp
IMG_9253.jpeg
IMG_9252.jpeg
IMG_9251.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_9254.webp
IMG_9253.jpeg
IMG_9252.jpeg
IMG_9251.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 25.10.26 /Кабар/. Ош шаарында Ислам өнүктүрүү банкынын колдоосу менен 400 орундуу жугуштуу оорулар ооруканасы жана жаңы заманбап онкологиялык борбор курулат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаарга атайын иш сапары менен келген Ислам өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү жергиликтүү медициналык мекемелердин абалы менен таанышып, Төлөйкөн айылындагы мурдагы балдар кургак учук санаторийинин аймагында заманбап онкологиялык борборду, ал эми Кең-Сай конушунда 400 орунга ылайыкталган жаңы жугуштуу оорулар ооруканасын куруу пландалган жерлерди жеринен көрүп чыгышты.

Иш сапардын алкагында Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова менен жолугушуу өтүп, анда аталган долбоорлорду ишке ашыруунун конкреттүү кадамдары талкууланды.