Ошто 4 көчө асфальтталып, пайдаланууга берилди

Аймак 07 Январь 2026 17:06
FB_IMG_1767783951062.jpg
FB_IMG_1767783956780.jpg
FB_IMG_1767783965725.jpg
FB_IMG_1767783970834.jpg
FB_IMG_1767783948037.jpg
FB_IMG_1767783946215.jpg
FB_IMG_1767783943760.jpg
FB_IMG_1767783932069.jpg
FB_IMG_1767783932947.jpg
FB_IMG_1767783937247.jpg
FB_IMG_1767783942742.jpg
FB_IMG_1767783928568.jpg
FB_IMG_1767783926070.jpg
Алдыга
Артка
FB_IMG_1767783951062.jpg
FB_IMG_1767783956780.jpg
FB_IMG_1767783965725.jpg
FB_IMG_1767783970834.jpg
FB_IMG_1767783948037.jpg
FB_IMG_1767783946215.jpg
FB_IMG_1767783943760.jpg
FB_IMG_1767783932069.jpg
FB_IMG_1767783932947.jpg
FB_IMG_1767783937247.jpg
FB_IMG_1767783942742.jpg
FB_IMG_1767783928568.jpg
FB_IMG_1767783926070.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 07.01.26. /Кабар/. Ош шаарындагы Төлөйкөн айыл аймактык башкармалыгында төрт көчө асфальтталып, пайдаланууга берилди.

Мэриядан билдиришкендей, алар Карымов, Тешебаев, Аматбеков жана Туташов көчөлөрү.

Аталган көчөлөрдө унаа кыймылы күч болгону менен бир топ ыңгайсыздыктарды жаратып келген. Шаар башчысы Жеңишбек Токторбаев буга чейинки рейддик кыдырууда маселени жеринен көрүп, дароо тапшырмаларды берген.

Бүгүн аталган жол көйгөйүнө чекит коюлуп, шаар жетекчиси көчөлөрдү расмий түрдө ачып, унаа кыймылына старт берди.

Аймактын жашоочулары жолдордун жаңыланып, кеңейтилип оңдолушун кубануу менен кабыл алышты. Бул маселени чечүүгө шаардык кеңештин депутаттары да өз салымдарын кошкон.

Жалпы жолдун узундугу 1200 метрди түзөт, жөө жүргүнчүлөр үчүн 2400метр болгон өзүнчө эки тараптуу тратуарлар каралган.

Жол мурдагы калыбынан 10-12метрге чейин кеңейтилген жана ирригациялык арык казылган. Аткарылган иштер жергиликтүү казынадан каржыланды.