Ошто 3,5 гектар жерге дипломаттар шаарчасы курулат

Аймак 26 Август 2025 10:54
538043302_1111737647811798_4870317585883567160_n.jpg
538282424_1111737651145131_3259844515328655596_n.jpg
538331746_1111737707811792_1565798609081280303_n.jpg
538613590_1111740891144807_5181050494942133336_n.jpg
538754877_1111740767811486_5719603873723835121_n.jpg
539176862_1111737757811787_2112657918090103590_n.jpg
539261007_1111740814478148_33864016298499193_n.jpg
539380883_1111740774478152_9151490978727826282_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 26.08.25. /Кабар/. Ош шаарында дипломаттар шаарчасы курулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Бүгүн мэр Жеңишбек Токторбаев Россия, Казакстан жана Өзбекстандын Оштогу башкы консулдары менен жолугушуп, консулдуктар үчүн бөлүнгөн жер тилкеси менен тааныштырды.

Дипломаттар шаарчасы Алымбек Датка аймактык башкармалыгынын аймагында жайгашат. Жалпы аянты 35 миң чарчы метрди түзүп, ар бир консулдукка 20 сотыхтан жер каралат.

Шаар бийлиги бардык зарыл инфраструктуралык курулуштарды камсыздап берет.