Ошто 256 усулчу жаңы окуу жылына карата даярдыктан өтүүдө

Билим 530 04 Август 2026 11:40
763805888_2473836246422094_6577166132868213324_n.jpg
762291903_866209136368941_1161732713752633236_n.jpg
759809827_1581735386686009_3911012004940696911_n.jpg
762623977_1576642287423742_9078636983938122831_n.jpg
762903576_2231265910995516_4018930056051235754_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 04.08.26. /Кабар/. Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде түштүк аймактагы усулчулар үчүн 2026-2027-окуу жылына даярдыкка арналган төрт күндүк окутуу башталды.

Агартуу министрлигинин маалыматына ылайык, 7-августка чейин өтө турган иш-чарага Ош шаарынын, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын билим берүү тармагынан 256 усулчу катышууда.

Окутуунун жүрүшүндө адистер жаңы мамлекеттик билим берүү стандарттары, окуу программалары, окуу-методикалык комплекстер жана заманбап педагогикалык технологиялар боюнча билим алышат.

Иш-чараны Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун, Кыргыз билим берүү академиясынын жана "Окуу китеби" басма үйүнүн адистери өткөрүүдө.

Белгиленгендей, өлкө боюнча жалпысынан 455 тажрыйбалуу усулчу конкурстук негизде тандалып, жаңы окуу жылында мугалимдерге усулдук колдоо көрсөтүү үчүн даярдалууда.