Бишкек, 25.08.25. /Кабар/. Ош шаарындагы Кызыл-Кыштак айыл аймагында 2 миң тонна жашылча жана мөмө-жемиштерди акустикалык тоңдуруу мүмкүнчүлүгүнө ээ соода-логистикалык борбор курулууда.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, борбор "Туран Групп" ЖЧКсы тарабынан курулууда.
Каржылоо булактары:
- "Элдик Банктан" кластердик өнүгүү долбоору (АӨЖК) аркылуу – 20 млн сом;
- Дүйнөлүк банктан – 35 млн сом.
Белгиленгендей, ишкана 0,4 гектар аянтка курулуп жатат. Учурда жабдуулар толугу менен орнотулуп бүттү. 31-август - Эгемендүүлүк күнүнө карата ачылары күтүлүүдө.