Ошто 150 орундуу перинаталдык борбор курулат

Аймак 12 Сентябрь 2025 12:45
546399159_805852015175502_6313188497300616141_n.jpg
546536938_805852065175497_3656494789511998228_n.jpg
Алдыга
Артка
546399159_805852015175502_6313188497300616141_n.jpg
546536938_805852065175497_3656494789511998228_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек 12.09.25. Кабар/. Ошто 150 орундуу жаңы перинаталдык борбор курулат.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, күн мурун «Чайна Роуд» курулуш компаниясы менен Ош шаарындагы Облустар аралык бириктирилген клиникалык оорукананын аймагында 150 орундуу перинаталдык борборду куруу боюнча келишимге кол коюлду. Курулуштун болжолдуу мөөнөтү — 2,5 жыл.

«Биз подряддык уюмдан бардык техникалык талаптарды жана сапат стандарттарын так сактоону күтөбүз. Куруу иштери жогорку деңгээлде аткарылып, объект белгиленген мөөнөттө пайдаланууга берилүүгө тийиш. Министрлик курулуштун жүрүшүн тыкыр көзөмөлдөйт",-деп белгиледи саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Манас Токтомуратов.