Бишкек, 25.06.25. /Кабар/. Ош шаарында 140 балага ылайыкташкан "Ыйман" бала бакчасы оңдоп-түзөөдөн кийин ачылды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Ачылыш аземге Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, ректор Кудайберди Кожобеков баштаган жамаат катышты.
Балдар бакча Ош шаарынын Манас-Ата кичи шаарчасынын Уркуя Салиева көчөсүндө жайгашкан. 140 орунга ылайыкташкан мекеме ОшМУнун эсебинен оңдоп-түзөөдөн өткөн.