Ошто 14 млн сомдук алтындарды алып кирүүгө бөгөт коюлду — Кабар

Ошто 14 млн сомдук алтындарды алып кирүүгө бөгөт коюлду

Экономика 1 декабрь 2025 15:30
593950416_25218058001189762_3729581651837488405_n.jpg
592143263_25218057994523096_2560631092113980554_n.jpg
592474818_25218058184523077_6201388175559769518_n.jpg
592526466_25218058147856414_8242023172586954372_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Мамлекеттик салык кызматы

Бишкек, 01.12.25. /Кабар/. "Ош" эл аралык аэропортунда жүргүнчүлөрдүн биринен мыйзамсыз ташылып келген 13,9 млн сомдук алтындар табылды.

Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, ташылып келген буюмдардын тиешелүү коштомо документтери жок болуп чыккан. Алтын буюмдардын арасында билерик, чынжырча жана сөйкөлөр бар.

Аталган мыйзамсыз алып кирүү фактысы боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, мыйзамга ылайык чаралар көрүлөт.

Салык кызматы өлкө аймагында эсепке алынбаган жана контрабандалык товарларды жүгүртүү фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча активдүү иштерди улантууда.