Ошто 1300 орундуу жаңы "Келечек" базары курулууда

Аймак 18 Сентябрь 2025 11:20
Снимок экрана 2025-09-18 111751.png
прпр.png
Алдыга
Артка
Снимок экрана 2025-09-18 111751.png
прпр.png
Алдыга
Артка

Бишкек, 18.09.25. /Кабар/. Ош шаарында жалпы 5 гектар аянтты ээлеген жаңы "Келечек" базарынын курулуш иштери кызуу улантылып жатат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Белгиленгендей, соодагерлерди кыска убакыттын ичинде жаңы соода жайына жайгаштыруу пландалууда. Базар толугу менен ишке берилген соң, учурдагы "Келечек", "Бостон" жана мөмө-жемиштер базарларында иш алып барган соодагерлер жаңы жайга көчүрүлөт.

Жаңы базар 1300дөн ашуун соода оруну менен камсыз болот. Мындан сырткары, алтын жана зер буюмдарын сатуу үчүн атайын бөлүмдөр, акча алмаштыруучу жайлар, эки даараткана, эки ашкана жана кеңири унаа токтотуучу жай каралган.